Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX -сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 3
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясынын 29.01.2019-жыл №3 сандуу токтомунун 3 пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХIX-сессиясы №7 Ак-Тилек балдар бакчасынын кызматкерлеринин кайрылуусун, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун маалыматын, Шайдан айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясынын 29.01.2019-жылдагы №3 сандуу “балдар бакчаларында тамак-аш нормаларын белгилөө жөнүндөгү” токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткаруу Шайдан айыл өкмөтүнүн Балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго, Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |