Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIX -сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 4
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХIX-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы Жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы Жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Торобековго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |