Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX -сессиясы
2020-жылдын 13-апрели № 1
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз ХХ-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун маалыматы эске алынып, 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- 3111 Имараттар жана курулуштар беренесине ( мектептин долбооруу учун депозит төлөөгө каралган суммадан ) 200000 сом кыскартылсын.
- 2215 Түрдүү чыгымдар беренесине (Нооруз майрамын өткөрүү үчүн каралган суммадан ) 60000 сом кыскартылсын.
- 2215 Түрдүү чыгымдар беренесине Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагында Коронавирус (COVID-2019) инфекциясын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө 260000 сом каралсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинде өзгөчө кырдалдар үчүн каралган акча каражатынан Коронавирус (COVID-2019) инфекциясын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө жумшалсын.
3. Коронавирус (COVID-2019) инфекциясын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы З. Торобековго жүктөлсүн.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |