Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XX -сессиясы
2020-жылдын 13-апрели № 2
Жарандык коргонуу комиссиясынын жана коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча штабтын мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн 30.03.2020-жылдагы №3 жана 31.03.2020-жылдагы № 4 отурумдарынын чечимдерин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Шайдан айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.Максудовдун маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Жарандык коргонуу комиссиясынын жана коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча штабтын мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн 30.03.2020-жылдагы №3 жана 31.03.2020-жылдагы № 4 отурумдарынын чечимдери бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |