Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы
2020-жылдын 15-июлу № 2
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин депутаттары, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун маалыматы эске алынып, 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- 2221 Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар беренесинен Китепканаларга каралган 10000 сом, Маданият үйүнө каралган 50000 сом, кыскартылсын.
- 2215 Түрдүү чыгымдар беренесинен спорттук оюндарга каралган 80000 сом кыскартылсын.
- 3112 Эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу беренесинен Аппаратка эмерек сатып алууга каралган 100000 сом, Маданият үйүнө аппаратураларды сатып алууга карлган 100000 сом, Китепканаларга эмерек сатып алууга каралган 50000 сом, кыскартылсын.
- 3112 Эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу беренесине 260000 сом кислародный концентратор сатып алууга каралсын.
- 2215 Түрдүү чыгымдар беренесине Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагында Коронавирус (COVID-2019) инфекциясын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө дары дармек сатып алууга 100000 сом, Коронавирус (COVID-2019) инфекциясын алдын алуу иш-чараларна 30000 сом каралсын.
2. Коронавирус (COVID-2019) инфекциясын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы З. Торобековго жүктөлсүн.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |