Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы
2020-жылдын 15-июлу № 5
Мурдагы Шайдан с/советинин (Ленин-Жол колхозунун) административдик-аймактык бирдиги болуп келген Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Кара-Кунас участкасында жайгашкан 104,0 га жер аянттарын кайрадан Шайдан айыл өкмөтүнүн административдик-аймактык бирдигинин картасына киргизүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясы Шайдан айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевтин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу 25.04.2008-жылдагы № 65 сандуу мыйзамын жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Шайдан айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевтин маалыматы эске алынсын.
2. Мурдагы Шайдан с/советинин (Ленин-Жол колхозунун) административдик-аймактык бирдиги болуп келген Тоскоол-Ата токой чарбасынын, Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кунас участкасында жайгашкан 104,0 га жер аянттарын, Масы-Арал автожолунун жээгинде жайгашкан Масы айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы узундугу 2,5 км болгон каналдын ордундагы жер аянтын кайрадан Шайдан айыл өкмөтүнүн административдик-аймактык бирдигинин картасына киргизүүгө жана керектүү акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
3. Мурдагы Шайдан с/советинин (Ленин-Жол колхозунун) административдик-аймактык бирдиги болуп келген Тоскоол-Ата токой чарбасынын жана Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кунас участкасында жайгашкан 104,0 га жер аянттарын, Масы-Арал автожолунун жээгинде жайгашкан Масы айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы узундугу 2,5 км болгон каналдын ордундагы жер аянтын кайрадан Шайдан айыл өкмөтүнүн административдик-аймактык бирдигинин картасына киргизүү жагы Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан жана башка тийиштүү органдардан суралсын.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн административдик чек арасын белгилөө картасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Токтогуловко жүктөлсүн.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |