Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXI -сессиясы
2020-жылдын 15-июлу № 6
Алма айылынын А.Базаркулов көчөсүнүн тургундарынын атынан 25.05.2020-жылдагы № ЖМ-99 сандуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаевдин атына жазылган арызы жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясы Шайдан айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевтин маалыматын угуп жана талкуулап, Алма айылынын А.Базаркулов көчөсүнүн тургундарынын атынан 25.05.2020-жылдагы № ЖМ-99 сандуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаевдин атына жазылган арызынын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Ташиевтин маалыматы жана Алма айылынын А.Базаркулов көчөсүнүн тургундарынын атынан 25.05.2020-жылдагы № ЖМ-99 сандуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаевдин атына жазылган арызы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын А. Базаркулов атындагы көчөнүн тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жеке ишкерлерге бирдей шарт түзүү максатында аталган айылга жол белгилерин жана лежащий полицейскийлерди орнотуу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Мамадиевке жүктөлсүн.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Назиров |