Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 2
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата калдыгын, жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бюджетин 2022-2023-жылдарга болжолдуу доолборун бекитүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXII-сессиясы Шайдан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Мамановдун 2021-жылдын 1-январына бюджеттик счеттогу 6035,3 миң сом, атайын счеттогу 1177,5 миң сом калдыгы, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу доолбору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бюджеттик счеттогу 6035,3 миң сом, атайын счеттогу 1177,5 миң сом калдыгы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү 18819,1 миң сомго, 2022-жылга болжолдуу долбоору 18688,5 миң сомго 2023-жылга болжолдуу доолбору 18843,9 миң сомго 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгү 18819,1 миң сомго, 2022-жылга болжолдуу долбоору 18688,5 миң сомго, 2023-жылга болжолдуу доолбору 18843,9 миң сомго, 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык учурдагы бюджеттик жылдын башталышына топтолгон эркин каражаттардын калдыктарынын эсебинен 315,3 миң сомго белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык 170,0 миң сомго белгиленсин.
6. Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго төгүмдөр, медикаменттерди жана жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга, тамак-аш азыктарын сатып алууга, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдарга, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар) жана коммуналдык чыгымдарга жүргүзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджетке кирешелердин түшүүсүнө карата, КРнын Финансы министрлигинин Ноокен башкармалыгы берген өзгөртүүлөрдүн негизинде кирешелердин жана чыгашалардын аткарылышы боюнча квартал ичинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнү башчысына жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Тешебаев |