Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы

2021-жылдын 5-февралы № 3

Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айынын борборунан Ош-Бишкек авто жолуна чейинки 4 км аралыктагы ички жолду ДЭП-51 ишканасына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XХII -сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап токтом кылат:

1.         Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы эске алынсын.

2.         Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын борборунан Ош-Бишкек авто жолуна чейинки 4 км аралыктагы ички жолду ДЭП-51 ишканасына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

3.         Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айынын борборунан Ош-Бишкек авто жолуна чейинки 4 км аралыктагы ички жолду ДЭП-51 ишканасына кайтарымсыз өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы жогорку органдардан суралсын.

4.         Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловко жүктөлсүн.

 

Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Тешебаев