Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 4
Шайдан айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII–чакырылышынын кезектеги XХII сессиясы Шайдан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 28-январындагы №01-35/48 сандуу кайрылуу катында көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 сандуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн штаттык бекитүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Шайдан айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысы Т.Максудовдун маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысы Т.Максудовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 35-беренесинин 2 – пункту жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу №518 сандуу токтомдору аткарууга алынсын.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Тешебаев |
Бекитемин
Шайдан айылдык кеңешинин
төрагасы _____________ А.Назиров
“______”____________2021-жыл
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттык саны
|
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
2 | Башчынын орун басары | 1 |
3 | Жоопту катчы | 1 |
4 | Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы - башкы бухгалтер | 1 |
5 | Инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис | 1 |
6 | Социалдык маселелер боюнча башкы адис | 1 |
7 | Жер маселелери боюнча башкы адис | 1 |
8 | Салык жана башка жыйымдарды жыйноо боюнча башкы адис | 1 |
9 | Материалдык бухгалтер - жетектөөчү адис | 1 |
10 | Экономист статист - кассир – жетектөөчү адис | 1 |
11 | Салык жана башка жыйымдарды жыйноо боюнча жетектөөчү адис | 1 |
12 | Ветеринардык инспектор- жетектөөчү адис | 1 |
13 | Социалдык маселелер боюнча адис | 1 |
14 | Салык жана башка жыйымдарды жыйноо боюнча адис | 1 |
15 | Чарба башчысы | 1 |
16 | Кызматтык жайларды тазалагыч | 1 |
| Баардыгы | 16 |
17 | Айыл башчысы жетектөөчү адис деңгээлинде | 6 |
18 | Аскердик эсепке алуу столунун инспектору жетектөөчү адис деңгээлинде | 3 |
| Баардыгы | 25 |
19 | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы | 1 |
| Баардыгы | 26 |
Эскертме: Айыл башчысы, аскердик эсепке алуу столунун инспектору кызматынын штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 сандуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн штаттын бекитүү жөнүндө ” токтомуна ылайык каралат.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 35-беренесинин 2 – пунктуна ылайык жергиликтүү кенештин жооптуу катчысы каралат.
Жооптуу катчы: | Т. Максутов |