Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII -сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 6
Шайдан айыл өкмөтүнүн Тоскоол айылындагы № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасын жылдыруу жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XХII -сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренелерине ылайык № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасы Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратында жайгашып, шайлоо жана референдум уюштуруу жана өткөрүүдө аталган токой чарбанын имараты талапка жооп бербегендигин эске алып токтом кылат:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловдун маалыматы жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2020-жылдагы №04-1/3938 сандуу каты эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна жана Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренелерине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2020-жылдагы №04-1/3938 сандуу катына ылайык № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасы Тоскоол айылындагы № 5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына жылдырылсын.
3. № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасы Тоскоол айылындагы № 5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына жылдыруу боюнча маалымат Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
4. № 2163 “Тоскоол” шайлоо участкасын Тоскоол айылындагы № 5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин имаратына жылдыруу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Тешебаев |