Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 1
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө ижарага жер иштетүүгө чектөө киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу АЖМФусуна тиешелүү кайракы жерлерди иштетүүгө ижарага берүүдө жарандардан суроо-талап көп болуп жаткандыктан, ашыкча алганга чектөө киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жерлерди ижарага берүүдө чектөө киргизүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө кайрылган жарандардын көп болуп жаткандыгын эске алуу менен АЖМФуга тиешелүү болгон кайракы жерлерди иштетүүгө ижарага берүүдө бир кожолукка 20 га жер аянтынан ашырбай берүүгө чектөө киргизилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |