Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 3
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын тургуну Качикеева Бактыгүлдүн үй салуу үчүн материалдык жардам берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Башкы-Терек айылынын тургуну Качикеева Бактыгүлдүн үй салуу үчүн материалдык жардам берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын тургуну Качикеева Бактыгүлгө үй салуу үчүн 30000(отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |