Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 4
Шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Айгыр-Жал айылынын тургуну Райымбеков Төрөбектин кызы Төрөбек кызы Зульфиянын ден соолугу өтө оор болгондугуна байланыштуу жардам сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айгыр-Жал айылынынын тургуну Райымбеков Төрөбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. Райымбеков Төрөбектин кызы Төрөбек кызы Зульфиянын ден соолугу өтө оор болгондугуна байланыштуу жана үй-бүлөлүк шартын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай чыгымдар эсебинен 50000(элүү миң)сом акча каражатын мыйзам чегинде бөлүп берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларыжөнүндө”МыйзамынаылайыкЧаткалрайондукмамлекеттикадминситрациясынынрасмийwww.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагыКаныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |