КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 5
Долбоор даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” балдар бакчасынын 3-корпусун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоор сметасын даярдоого жана оңдоого керектелүүчү каражатты бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе” балдар бакчасынын 3-корпусун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоор сметасын даярдоого жана оңдоого керектелүүчү каражатты бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе” балдар бакчасынын 3-корпусун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоор сметасын даярдап түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик Администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |