Редакцияот 12.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы

2020-жылдын 12-ноябры № 7

“Чийимташ” участкасы жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Чийимташ” участкасына”Харбор Линк” ЖЧКсы тарабынан чачыранды алтынга чалгындоо-изилдөө ишин жүргүүзүгө сураган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:

1.  Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу “Чийимташ” участкасына” Харбор Линк” ЖЧКсы тарабынан чачыранды алтынга чалгындоо-изилдөө ишин жүргүүзүгө сураган кайрылуусу эске алынсын.

2.  “Харбор Линк”ЖЧКсы чачыранды алтынды чалгындоо изилдөө иштерин жүргүзүдөн мурун жергиликтүү тургундар менен коомдук угуу өткөрүп келүү жагы сунушталсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңшинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо,экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев