КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 8
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кыйрылуусуна ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 02.11 2020-жылдагы № КЛ-186-катын карап Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын Т.Кошбаев көчөсүндөгү ишкерлердин электр жарыгын орнотуу үчүн трансформатор сатып берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Т.Кошбаев көчөсүндөгү жеке ишкерлеринин трансформатор койдурууга мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин эске алуу менен аз камсыз болгон жана жаңы конуштарга гана трансформатор коюп берүүгө айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик Администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |