КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 9
Жайыт комитетинин кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин 2020-жылда инфраструктурага каралган акча каражатынан 2020-жылдын ноябрь айынан баштап ар бир кармалган карышкыр үчүн 6000(алты миң) сомдон,жалпы 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлык катары акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |