Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 10
Маршруттук унаа уюштуруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылынын тургундарынын жол каттамы үчүн маршруттук унаа уюштуруу максатында Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы
Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципиалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарынын ортосунда уюштурулган маршруттук унаанын тарифтик баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Жеке жарандар үчүн: Каныш-Кыя айылынын ичиндеги каттам үчүн - 10 сом.
- Каныш-Кыя-Айгыр-Жал маршруттук жол каттамы үчүн- 20 сом.
- Мектеп окуучулары үчүн: бардык маршруттук каттамдар акысыз (бекер) жүргүзүлөт .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |