Редакцияот 12.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы

2020-жылдын 12-ноябры № 11

Самбо күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликке жөнөтүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылынын тургуну Бейшеналы уулу Ахуналынын самбо күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышуу үчүн жол акысына көмөк көрсөтүү боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

Токтом кылат:

1.  Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылынын тургуну Бейшеналы уулу Ахуналынын самбо күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышуу үчүн жол акысына көмөк көрсөтүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын тургуну Бейшеналы уулу Ахуналынын самбо күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышып келген жол акы чыгымдарына 123 000(бир жуз жыйырма үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин финансы,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев