Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 12
Жардам сурап кайрылган атуулдарга материалдык жардам берүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан келген кайрылуулардын негизинде райондук соц.пакеттин эсебинен “Вертекс Голд Компании” ЖЧКсы жана “Кичи Чаарат” ЖЧКсы тарабынан айыл өкмөттүн атайын каражат эсеп счетуна түшкөн 275 000 сом акча каражатын төмөндөгү багыттар боюнча жумшоо максатта Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан келген кайрылууларды канааттандыруу максатта келип түшкөн 275 000 ( эки жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
- Каныш-Кыя айылынын тургуну Темирова Шаарбүбү Абасовнага учурдагы абалын эске алып,ооруканага барууга 25 000 (жыйырма беш миң) сом.
- Каныш-Кыя айылынын тургуну Бактыбек Алибеков уулу Алибеков Алтынбек Бактыбековичтин Москва шаарында каза болгондуктан, табытын Кыргызстанга алып келүү үчүн 70 000 (жетимиш миң ) сом.
- Башкы-Терек айылынын тургуну Токтосунов Абдиназарали Турция мамлекетинин Стамбул шаарында дарыланып жүргөн учурда каза болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга алып келүү үчүн 30 000 (Отуз миң) сом
2. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын Т.Кошбаев көчөсүндө жайгашкан №201 жана Ө.Токобаев көчөсүндө жайгашкан №8 сот кызматкерлеринин турак жай үйлөрүнүн утурумдук ремонт иштери үчүн 150 000 (Бир жүз элүү миң) сом акча каражаты боюнча тактап которуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилип, кен иштеткен компаниялар тарабынан аталган мекеменин банктык эсебине түз которулуп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |