Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 13
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервге киргизилүүчү жарандардын тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIX сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамынын тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.(1-тиркеме)
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |