Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 14
Башкы-Терек,Чакмак-Суу айылдарынын ички жолдорун асфальттоо жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 11.09. 2020-жылдагы № 01-31/1341 чыгыш сандуу катынын негизинде райондук соц.пакеттин эсебинен “ЗААВ-Чаарат” ЖАКсы тарабынан айыл өкмөттүн атайын каражат эсеп счетуна түшкөн 6 000 000 сом акча каражатын төмөндөгү багыттар боюнча жумшоо максатта Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 11.09.2020-жылдагы№ 01-31/1341 чыгыш сандуукатын канааттандыруу максатта келип түшкөн 6 000 000 (алты миллион) сом акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек,Чакмак-Суу айылдарынын ички жолдорун асфальтоого 6 000 000 (алты миллион) сом акча каражаты кен иштеткен компаниялар тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн банктык эсебине түз которулуп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттикадминистрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |