КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 15
Кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековдун 11.11.2020-жылдагы №01-18/876/1 чыгыш сандуу катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Темирбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтү 2020-жылдын жыл башында мектептерге жана бала бакчаларга компьютер,принтер алып берүүгө акча каражаты жетпей жаткандыктан кошумча 100 000 (жүз миң) сом жана Каныш-Кыя айылдык Кеңешине орг.техника (компьютер,принтер 3х1) алуу үчүн 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Козубаевге тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |