КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 16
Долбоор даярдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы М.Смаилов атындагы орто мектебинин сыртын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө, долбоор сметасын даярдоо үчүн түрткү берүүчү грантка Айгыр-Жал айылынын депутаттарынын сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы М.Смаилов атындагы орто мектебинин сыртын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн, долбоор сметасын даярдап, түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик Администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип,көзөмөлдөө жагын финансы бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |