Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 20
Долбоор даярдоо жөнүндө
Чаткал райондук Ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги А.А.Айдарбековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук Ички иштер бөлүмүнүн имаратынын сыртын,арткы капталын косметикалык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн долбоор сметасын даярдоого жана оңдоого керектелүүчү каражатты бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук Ички иштер бөлүмүнүн имаратынын сыртын,арткы капталын косметикалык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоорлук сметасына ылайык керектелүүчү 216 681 (эки жүз он алты миң алты жүз сексен бир) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |