КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 21
Маданият үйүнүн айланасын королоо жөнүндө
Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн директору Ж.Нурбаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн директору Ж.Нурбаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн айланасын тосууга, эс алуучу скамейкаларды коюуга,майыптар үчүн пандусттарды орнотууга жана айлана тегерегин жарыктандырууга керектелүүчү сметасы так болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |