Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 22
Кошумча жумуштарга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун утурумдук оңдоп-түзөө иштеринин долбоор сметасына ылайык жетпей калган акча каражатын бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун утурумдук оңдоп-түзөө иштеринин долбоор сметасына ылайык жетпей калган акча каражатын бөлүп берүү боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылындагы Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун утурумдук оңдоп-түзөө иштеринин долбоор сметасына ылайык жетпей калган 247 100 (эки жүз кырк жети миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |