Редакцияот 12.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы

2020-жылдын 12-ноябры № 25

Таза суу чыгаруу жөнүндө

Каныш-Кыя айылынын тургундарынын таза суу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIХ сессиясы

Токтом кылат:

1.  Каныш-Кыя айылынын тургундарынын таза суу боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айылынын тургундарына таза суу чыгарууга керектелүүчү материалдарды алуу үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин жана суу түтүктөрү менен камсыз кылып берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. 5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев