КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX -сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 28
Аз комплекстүү класстарды окутууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 5-класстан 11-класска чейинки окуучулардын санынын жетишпегендиги боюнча кайрылуусун айылдык кенештин сессиясында карап чыгып, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХIХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу К.Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 5-6-7-8-9-10-11-класстарын аз комплекстүү класс кылып окутууга уруксат берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу К.Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин белгиленген аз комплектүү класстарын бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Ж.Накетавге сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |