Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 1
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү 9 ай ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндөгү маселени кийинки сессияга жылдыруу боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча маселе кийинки сессияга жылдырылсын жана жыл жыйынтыгы менен бирге берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |