Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 2
Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 ай ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетинин маалыматын кийинки сессияга жылдыруусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХ сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2020-жылдын 9 ай ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин маалыматы кийинки сессияга жылдырылсын жана жыл жыйынтыгы менен бирге берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |