КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 4
А.Алибековдун кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн, Боитүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө коргоолуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүнүн Чаткал району боюнча аңчы адиси А.Алибековдун кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жана А.Алибековдун, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 02.12.2020-жылдагы № А-208 сандуу каты менен кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджеттик каражаттары толук иштетилгендигине байланыштуу 2019-жылы атылган карышкырлар үчүн акча каражаты бөлүнүп берилбестиги белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |