Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 5
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 93 000 (токсон үч миң) сомго чыгымдалган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. ”Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдагы бекитилген бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен ишкананын жумушчуларына 7 комплект кышкы-жайкы атайын кийим сатып алууга 21 000 (жыйырма бир миң) сом, ноутбук алууга 56 000 (элүү алты миң)сом, Портер-2 кызматтык автоунаасына 4 даана дөнгөлөк алууга 16 000(он алты миң)сом бардыгы 93 000 (токсон үч миң) сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен сатып алууга уруксат берилсин.
3. Ошондой эле 2021-жылга 1-2-группадагы майыптарга, тоголок жетим балдарга, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө ичүүчү таза сууга жана таштандыга болгон төлөмдөр жеңилдетилсин.
4. 2021-жылга ичүүчү таза суунун тарифи 1м3суу 9,17 (тогуз сом он жети тыйын) бекитилсин.(тиркемеге ылайык)
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |