Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 6
Кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн келген Кара-Суу айылына төшөлүп жаткан асфальт боюнча 08.12.2020-жылдагы №01-18/946 чыгыш сандуу катын,Улуу Ата-Мекендик согуштун каармандарына арналган эстеликти оңдоп түзөодөн өткөрүү үчүн 25.12.2020-жылдагы №01-18/1001 чыгыш сандуу катын,Айгыр-Жал айылынын Кармоцех жана Кара-Булак участкаларынын тургундарынын кайрылуусун, “Наристе” МЧББУнун директору А.Козубаеванын билдирүүлөрү боюнча маселелерди карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кенешинин XXX сессиясынын күн тартибиндеги маселелер боюнча депутаттардын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнөн,Айгыр-Жал айылынын тургундарынан, “Наристе” МЧББУнан келген кайрылуулар кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |