КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 8
Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебине инвентарь алуу жөнүндө
Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебине инвентарь алуу боюнча сунушту карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
Токтом кылат:
1. Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебине инвентарь алуу боюнча сунушу эске алынсын.
2. Чакмак-Суу жалпы билим берүү орто мектебиние жетишпеген инвентарларын алып берүүгө жергиликтүү бюджеттен 57 000 (элүү жети миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kgмаалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |