Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX -сессиясы

2020-жылдын 30-декабры № 9

“Наристе” МЧББУна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 29.12.2020-жылдагы №01-18/1007 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХ сессиясы

Токтом кылат:

1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе” балдар бакчасынын 3-корпусун капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн керектелү 2 758 453 (эки миллион жети жүз элүү сегиз миң төрт жүз элүү үч)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик Администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев