Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 1
Депутаттык комиссиянын корутундусу жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин иш планына ылайык түзүлгөн депутаттык комиссиянын кен казуучу “Вертекс Голд Компани” ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча чыгарган корутундусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл кеңешинин депутаттык комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзуп жаткан “Вертекс Голд Компани”ишканасынын иштөө тартибине төмөндөгүдөй талаптар коюлсун:
- “Вертекс Голд Компани” ишканасынын жана анын карамагындагы подряддык бөлүмдөрүнүн түрүнө карабастан Чаткал райондук салык башкармалыгынан каттоодон өткөрүлүп, мыйзамдуу төлөнүүчү салыктар районубузга төлөнүүсүн камсыздашсын.
- Ишканага жумуш орундарына 50% жергиликтүү тургундардан алынуусу, жумушчуларды окутуу менен кабыл алууну уюштурулсун.
- Ишкана тарабынан социалдык пакетке түшүрүүлүчү сумманы көбөйтүү, Чаткал-Кара-Буура авто жолун утурумдук оңдоодон өткөрүү
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты корго, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |