Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 2
“Чаткал көйгөйү” тобунун кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд Компани”, “Чаарат ЗААВ”, “ Кичи Чаарат” ишканаларындагы калдык сактоочу жайларынын (хвостохранилище) иштөө тартиби, экологияга тийгизген терс таасирлери, буга чейинки коомдук угууларда берилген убада боюнча жумуш орундарына кабыл алуу жөнүндөгү жергиликтүү тургундардын кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында кен казуу менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Вертекс Голд Компани”, “Чаарат ЗААВ”, “Кичи Чаарат” ишканаларынын иштөө тартиптери, жумуш орундары, калдык сактоочу жайларынын иштөө механизми камтылган толук маалыматты жана экологиялык коопсуздугу жөнүндөгү зарыл болгон тиешелүү документтерин элге тааныштыруу менен маалымат берүү жагы , маалымат берүүдө бардык маселелер боюнча жооп алуу үчүн ар бир ишкананын жооптуу кызматкерлери менен ишкана жетекчилеринин өздөрү катышуу жагы эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жана тиешелүү ишканалардын жетекчилерине маалымат жеткирүү жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты корго, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |