Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 3
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнүн материалдык жардам берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн тургундарынын жардам берүү жөнүндөгү кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жардам берүү боюнча кайрылган тургундарына жергиликтүү бюджеттин ар кандай чыгымдар эсебинен керектелүүчү акча каражаттары бөлүнүп берилсин:
- Коргон-Сай айылынын тургуну Тойгонбаева Розагүлгө үй салууга 30000сом
- Чакмак-Суу айылынын тургуну Сарыбаева Атыргүлгө үй салууга 30000 сом
- Каныш-Кыя айылынын тургуну Фахритдинов Маратка үй салууга 30000 сом
- Чакмак-Суу айылынын тургуну Конушбеков Бекболотко үй салууга 30000 сом
- Айгыр-Жал айылынын тургуну Сакеев Адылбекке үй салууга 30000 сом
- Каныш-Кыя айылынын тургуну Надырбеков Тариелге дарыланууга 20000 сом
- Айгыр-Жал айылынын тургуну Бекмырзаева Гулзатка жергиликтүү бюджеттин резервдик фондусунан 10000 сом
- Айгыр-Жал айылынын тургундары Тургунбаев Талгатбекке, Тургунбаев Тахминага жер тилкесин берүүгө тиешелүү документтерин даярдоого керектелүүчү 22000 сом
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |