Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 4
Жер категориясын которууга сунуш берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүнө караштуу “Сандалаш” участкасындагы мамлекеттик запастагы турган 25270 га жана өзгөчө коргоодо турган 25715,3 га жер аянттарын которуп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу “Сандалаш” участкасындагы мам лекеттик запастагы турган 25715,3 га жер аянты өзгөчө коргоодо турган жерлер категориясына которууга сунушталсын.
3. “Сандалаш” участкасындагы 25270 га өзгөчө коргоодо турган жер аянты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн мамлекеттик запастагы жерлер категориясына которууга жана жайыт үчүн пайдаланууга сунушталсын.
4. Жер аянттарын которуу боюнча тиешелүү мекемелер менен бирдикте иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын жана бекитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |