Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 6
Акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө
Чаткал райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине коронавирус оорусунун алдын алуу, жайылтпоо максатында медициналык дары-дармектерди, каражаттарды сатып алууга которулган акча каражатын жумшоого уруксат сураган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймакта коронавирус илдетинин алдын алууда, аны менен күрөшүүдө медициналык каражаттардын жетишсиздиги эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсебине келип түшкөн 650000 (алты жүз элүү миң) сом акча каражатына лимит алууга жана жугуштуу илдетке каршы керектелүүчү медициналык каражаттарды алуу үчүн өз багытында жумшоого уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |