Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 7
Үнөмдөлгөн акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө 2020-жылдагы тендердик конкурстан өткөрүлгөн долбоорлордон үнөмдөлгөн 6513600 сом акча каражатын багыттарга жумшоого уруксат сураган Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы пландаштырылган долбоорлорунан акча каражаттары үнөмдөлгөндүгү эске алынсын.
2. Үнөмдөлгөн 6 513600 сом акча каражаты төмөнкү багыттарга жумшоого уруксат берилсин:
- Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу дем алуусуз иштеген айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 326900 сом
- Социалдык төлөмгө 17,25 % 56400 сом
- Аймакта санитардык эрежелердин сактоодо керектелүүчү каражаттарды сатып алуу максатында бала бакчаларга 160000 сом, мектептерге 180000 сом, айылдык маданият үйлөрүнө 60000 сом, айылдык китепканаларга 80000 сом
- Аймактагы мектептердин чатырчасына өрткө каршы суюктук чачууга 80000 сом
- Жардам сурап кайрылган жарандарга материалдык жардам берүүгө 295000 сом
- Нур билим балдар бакчасынын жана Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүүчү мектебинин астына асфальт төшөөгө 320600 сом
- Каныш-Кыя айылына салынуучу ветеринардык клиниканын долбоорундагы өздүк салымы үчүн 1 891400 сом
- “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын “Портьер-2” автоунаасынын ремонту үчүн 62000 сом
- Каныш-Кыя айылдык кенешинин социалдык маслелер боюнча туруктуу комитетинин отурумунун протоколу менен материалдык жардам сураган жарандарга 85000 сом
- Башкы-терек айылына жабык кичи футбол аянтчасын курууга бөлүнгөн 4 500000 сом акча каражатынан 2 916300 сому
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |