Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 9
Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынан “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна кеңсе салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Айыл Банк” ачык акционердик коомунун Ала-Бука филиалынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынан “Айыл Банк” ААКсынын Чаткал районунун калкына кызмат көрсөтүү үчүн кеңсе салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелр, айыл чарбасы,өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |