Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 10
Балдарды аралыктан окутууга шарт түзүү жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын райондун аймагында коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабынын коронавирус эпидемиясына каршы райондук фонддун эсебиндеги 336511,77 сом акча каражатын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине которулуп берилип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына аралыктан окуусуна шарт түзүү үчүн уюлдук телефондор жана телевизорлор менен камсыз кылуу боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебине которулган 336511,77(үч жүз отуз алты миң беш жүз он бир сом жетимиш жети тыйын) сом акча каражатынын ичинен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына аралыктан окутууга ыңгайлаштырып, уюлдук телефондорду жана телевизорлорду алып берүү боюнча иш алып баруу жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Козубаевге тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |