Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 11
Айыл чарба жерлерине суугат иштерин жакшыртуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айдоо аянттарына суу баруучу Кайың-Суу, Түлөберди- Ноо-Арык, Чоң-Тескей каналдарын реконструкциялоо боюнча кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айылынын тургундарынын каналдарды реконструкциялоо боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын Кайын-Суу, Түлөберди-Ноо-Арык, Чоң-Тескей суугат каналдарын реконструкциялоо үчүн долбоорлук сметасын даярдоо жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Каналдардын долбоорлук сметасын түздүрүүгө жана оңдоодон өткөрүүгө керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттин 2020-жыл ичиндеги үнөмдөлгөн акча каражаттарынан бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Козубаевге тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |