Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII -сессиясы
2020-жылдын 27-августу № 14
Айылдык маданият үйүнүн кошумча иштери жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылындагы жаңы курулуп жаткан маданият үйүнүн атайын түзүлгө комиссиянын актысынын негизинде аныкталган долбоорлук сметасына киргизилбей калган жетишпестиктерине кошумча каражат бөлүп берүү боюнча Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Коргон-Сай айылдык маданият үйүнүн курулуш иштери боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Коргон-Сай айылдык маданият үйүнүн курулушундагы долбоорлук сметасында көрсөтүлбөй калган жетишпестиктерди жеринде барып тактоо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлсүн.
3. Депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Коргон-Сай айылдык маданият үйүнүн долбоорлук сметасына киргизилбей калган кошумча иштери боюнча түзүлгөн долбоорлук сметасына ылайык 1 150412 (бир миллион бир жүз элүү миң төрт жүз он эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |