Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 2
Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2020-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматы эске алынсын
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2020-жылдын 12 айына жыл башында 106 632,3 (бир жүз алты миллион алты жүз отуз эки миң уч жүз) сомго план бекитилип берилсе, чыгаша бөлүгү жылдын жыйынтыгында 128 389,1(бир жүз жыйырма сегиз миллион үч жүз сексен тогуз миң бир жүз) сомго такталып, аткаруу жагы 157 203,2 (бир жүз элүү жети миллион эки жүз үч миң эки жүз)сомго кириштелгендиги белгиленсин.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кошумча каражат түшүрүү боюнча иш алып баруу, анын ичинде кен казуу тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан кичи ишканаларды (субподряддык компаниялар) каттоого алуу, салык төлөмдөрүн өз учурунда топтоо боюнча иш алып баруу жагы финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |