Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 9
Долбоо даярдоого каражат бөлүп берүү жөнүндө
Айгыр-Жал айылынын Кормацех участкасынын жашоочуларынын спорт аянтчасын куруп берүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Айгыр-Жал айылынын Кормацех участкасынын жашоочуларынын кайрылуусу эске алынсын .
2. Айгыр-Жал айылынын Кормацех участкасына спорт аянтчасын куруу үчүн долбоор сметасын даярдоого акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |