Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXI -сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 11
С.Дозонов көчөсүнө көчө чырактарын орнотуу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын С.Дозонов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXХI сессиясы
Токтом кылат:
1. Башкы-Терек айылынын С.Дозонов көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылынын С.Дозонов көчөсүнө, даярдалган долбоордун негизинде көчө чырактарын орнотуу үчүн 1 012 947 (бир миллион он эки миң тогуз жүз кырк жети ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |